Сейм (дарыя)
Сейм (дарыя) - Деснанын сол куймасы.
Сейм
| |
---|---|
ОМСР | 04010001312106200004150 и 04010001212106200004150 |
Уз. 748 км. Алабынын аянты 27 500 км2. Орто Орус дөңсөөсүнөн башталат.
Өрөөнү жазы. Негизинен кар суусунан куралат. Орточо чыгымы чатынан 105 км аралыкта 99,6 м3/сек. Ноябрь- декабрда тоңуп, март - апрелде ачылат. Төмөнкү агымында кеме жүрөт.
Дарыя боюнда Льгов, Курск, Рыльск, Путивль шаарлары жайгашкан.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.