Сейсм толкундары
Сейсм толкундары - жер титирөөдөн, жарылуудан ж. б. себептерден Жерде таралган термелүүлөр.
Сейсм толкундары
- 1) деформация тибине карай узата, тууралжын жана беттик,
- 2) таралышына карай туз, чагылуучу, сынуучу, рефракциялык, дифракциялык ж. б.,
- 3) таралуу убактысына карай үзгүлтүксүз жана үзгүлтүктүү,
- 4) сейсмдик чалгындоодо пайдалануу боюнча пайдалуу жана жолто болуучу толкундарга бөлүнөт.
Сейсм толкундарынын эң көп таралган түрлөрү - узата жана тууралжын толкундар. Узата Сейсм толкундарынын аракетинен чөйрөнүн көлөмү өзгөрөт, кысылат жана чоюлат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.