Селевкилер - Александр Македонскийдин империясы кулаган соң, Батыш Азияда түзүлгөн эллиндик мамлекеттердин бирин башкарган династия (б. з. ч. 312-64-ж.).

Негиздөөчү Селевк I Никатордун (б. з. ч. 312- 280-ж.) атынан аталган. Борбору - б. з. ч. 240- жылга чейин Селевкия, б. з. ч. 63-жылга чейин - Антиохия.

Селевкилер мамлекети Антиох III тушунда (б. з. ч. 223-187-ж.) өтө гүлдөгөн. Ал Сирия, Месопотамия, Кичи Азиянын бир бөлүгүн, Иран тайпак тоосун жана Орто Азиянын бир бөлүгүн бириктирген.

Селевкилер мамлекетинин аймагы сатранияларга бөлүнгөн. Анын бир типтүү тыйын системасы жана календары болуп, экономикалык негизин дыйканчылык түзгөн. Аскердик-админ. бирикме Селевк IV Филопатор (187-175), Антиох IV Епифан (175-163) жана андан кийинки падышалар тушунда начарлап, бара-бара Римге көз каранды боло баштаган. Б. з. ч. 64-ж. анын аймагынын акыркы бөлүгү - Сирияны римдиктер караткан соң Селевкилер мамлекети кулаган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.