Селкинчек – оюндун түрү. Айылдын четине же дарактуу жерге арканды 2 жанаша жыгачка же кыйгач өскөн дарактын бутагына байлоо менен курулган. Бак-дараксыз жерде селкинчектин ордуна алты бакан тебилген. Селкинчек көңүл ачуу үчүн салынган, ыр, бий же шайыр сөздөр менен коштолгон. Селинчек жаш өспүрүмдөрдү шамдагайлыкка, шайырлыкка көнүк-түрүп, денесинин чымыр болушуна өбөлгө түзгөн.

Селкинчекте отурган кыз, Германия, 1941-ж.

Колдонулган адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы: энциклопедия окуу куралы. Бишкек, 2003.