Сельвинский Илья (Карл) Львович

Сельвинский Илья (Карл) Львович (12(24). 10. 1899, Симферополь - 22. 3. 1968, Москва) - орус совет жазуучусу.

  • 1941-жылдан КПСС мүчөсү. МГУну бүтүргөн (1923).
  • Чыгармалары1915-жылдан жарыялап баштаган.
  • 20-жылдары конструктивисттер адабий тобун башкарышкан.
  • Туңгуч чыгларынын негизгилери («Улялаевчилик» поэмасы, 1927; «Командарм 2» трагедиясы, 1928 ж. б.) Жарандык согуш жөнүндө.
  • Чыгармаларынын көбү («Акындып эскермелери» поэмасы, 1927; «Пао- Пао» пьесасы, 1932 ж. б.) поэтикалык эксперимент жасоо, өзгөчө жанр издөө аракети менен жазылган.

30-жылдары «Рыцарь Иоанн» (1937), «Бабек» (1941) тарыхый трагедияларын жараткан. Согуш мезгилинде патриоттук ырлар жана «Россия» деген драмалык үчилтик жазган.

«Россияда» Ата Мекендин улуулугун, анын тарыхый миссиясын, Лениндин образын, орус адамына таандык мүнөздү чагылдырган. Чыгармалары коп тилдерге которулгап.

Сельвинский тарабынан кыргыз акындарынын ырлары орусча сүйлөтүлгөн. Беш орден жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.