Семикарбазид, карбамин кислотасынын гидразиди, Н2NNНСО—NН2 , түссүз кристалл, балкып эрүү t 96°С, сууда, спиртте эрийт. химимялык  касиеттери гидра-зинге окшош. С. к-талар менен туздарды, альдегид жана кетондор менен семикар-бозондорду пайда кылат, гидразин сыяктуу оңой ацилденет, к-та жана щелочь чөйрөсүндө гидролизге өтө туруктуу келет. С. ысытканда гидролизге жана диамид 1,2 гидразиндикарбон к-тасына ажырайт. С. калыбына келтиргич. Би-функционалдык бирикмелер м-и конденсация реакциясына кирип, ар түрдүү гетероциклдүү бирикмелерди — пиразол, триазол, триазинди пайда кылат. С. калий цианиди менен гидразин конденсацияланышынан, нитромочевинаны калыбына келтирүүдөн, амингуанинди самындантуу ыкмасы менен алынат.. С. альдегидди, кетонду идентификациялоодо, семикарбозон, гетероциклдүү бирикмелерди алууда жана антиоксидант катары колдонулат.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү