Семит-хамит тилдери - африка -азия тил уясынын эски аты.

  • Семит-хамит тилдери Түндүк Африкага жана Түштүк-Батыш Азияга таралган.
  • семит, египет, бербер-ливия, кушит, чад деген бутактарга ажырайт.
  • Булардан кеңири таралганы - семит тилдери.
  • Египет тили 17-кылымдан өлүү тилге айланган, анын соңку формасы - копт тили - египеттик христиандардын дин ишине гана кызмат кылат.
  • Бербер бутагы өз ара жакын диалектилик топторго эгедер. Кушит тилдери беш топтон турат. Чад тилдери - он топчодон турган өзүнчө бир топ. Хауса тили жана Борбордук Судандагы ага тектеш тилдер да ушул топко кирет.

Семит-хамит тилдерине мүнөздүү белгилер: үнсүздөрдүн үч түрү бар (жоон, каткалаң жана күч менен айтылчу «дабышсыз» үнсүз): муун түзбөгөн й, у жана үнсүз тыбыш маанисинде көмөкөй тыбыш жарылмасы колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9