СЕНЕК ЖЫЛДАР – совет коомундагы 60-жылдын акырынан 80-жылдын ортосуна чейинки мезгил. Административдик-бюрократиялык жетекчиликтин кесепетинен эл чарбасынын бардык тармактарында өндүргүч күчтөр солгун жана чачкын өнүккөн, продукциянын сапатына эмес, дүңүнө басым коюлган. Колхоздун өз алдынчалыгы чектелип, менчик чарбалардын өнүгүшүнө тоскоолдук кылган. Мекемелердин жеке кызыкчылыктары үчүн көптөгөн чоң-чоң курулуштар зордоп ишке киргизилгендиктен, экологиялык тең салмактуулук бузулган. Саясий-социалдык турмушта да кемчиликтерге жол берилип, маалымдуулук, демократиялуулук принцип-тери арткы планга коюлган. КПСС БКнын 1985-жылы Апрель пленумунда өлкөдөгү кырдаалга партия олуттуу баа берген. Кыргызстан КПнын 18-съездинде (1986) республиканын Сенек жылындагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнө кедерги болгон ар кыл себептер сындалып, кайра куруулардын жакынкы милдеттери айкындалган.

Адабият түзөтүү

Кыргыз Тарыхы. Энциклопедия. Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек, 2003. И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык университети.