Сен-Симон Клод Анри де Рувруа

Сен-Симон Клод Анри де Рувруа (17. 10. 1760, Париж -19. 5.1825, ошол эле жер)-граф, француз социологу, ойчул, социалист-утопист.

Улуу француз революция жылдарында якобчулар менен талапташ болуп, кийинчерээк алардан четтеп, Наполеон Бонапарт тарапка өткөн.

Тарыхый процесстин өнүгүшүн Сен-Симон коомдун өнүгүшүндөгү кээ бир прогрессчил тепкич катары элестетип, капитализмдин социализм менен алмашуусун мыйзам ченемдүү деп эсептеген.

Сен-Симон милдеттүү иштөө, илим менен өнөр жайдын бирдиктүүлүгү, чарбаны борбордоштуруп пландуу жүргүзүү, коомду окумуштуулар менен капиталисттердин башкарышы социализмдин белгилери деп эсептеген. Келечек коомдо жеке менчик болот деген. Ал өзүнүн социалисттик идеяларын турмушка ашыруу жолу революцияда эмес, ошол идеяларды тынчтык жбл менен пропагандалоодо деп ойлогон.

Сен-Симон жумушчу табын жапа чегүүчү гана тап катары эсептеп, анын тарыхый- революциячыл ролун баамдаган эмес.

Сен-Симон Францияда, Германияда, Италияда, Россияда ж. б. өлкөлөрдө алдыңкы ой-пикирдин жана социалисттик идеялардын өнүгүшүнө чоң таасир тийгизген.

Анын окуусу илимий социализмдин булактарынын бипи болуп калган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.