Эйзенштейн Сергей Михайлович (10 (22). 1. 1898, Рига - 11. 2. 1948, Москва ш.) - орус совет режиссёру, кино искусствосунун теоретиги, педагог.

РСФСРдин искусствого эмгеги сиңирген ишмери (1935), проф. (1937), искусство таануу илимдин доктору (1939). Петроград жарандык инженер институтунда, 1921-22-ж. Мамлекеттик жогорку режиссёр өнөрканасында (В. Мейерхольддун жетекчилиги менен) окуган. 1920-ж. Пролеткульттун 1-Жумушчу театрында (Москва) жасалга бөлүмүн жетектеген. Эйзенштейн - ири режиссёр, советтик кино искусствосунун негиздөөчүлөрүнөн жана теоретиктеринен. Алгачкы фильми - «Стачка» (1925). 1926-ж. «Броненосец «Потёмкин» кино эпопеясын тарткан. Бул фильмде ал элдин революциячыл маанайын поэтикалык пафосто чагылдырган. Кийин «Октябрь» (1927, Г. В. Александров менен бирге), «Эски жана жаны» фильмдерин койгон. 2 дин үндүү кинолорунун көрүнүктүүлөрү - «Александр Невский» (1938), «Иван Грозный» (1-серия, 1945; 2-серия, 1958). СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1941, 1946). Ленин, «Ардак Белгиси» ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4