Серин (a-амин - b-оксипропион к-тасы) НОСН2-СН (NH2) СООН - кристаллдык зат, мол. масс. 105,10, сууда жакшы эрийт, абс. спиртте жана эфирде эрибейт. С. оптикалык активдүү, 3 изомери кездешет. а) L- С, эрүү t 2280 C [ a] D=-6,83 (суу); б)D-С эрүү t 2280 C [ a] D=+6,83 (суу); в) DL-С эрүү t 2460 C. DL-C антиподу бөлүүнү химимялык  методдон башка ферментаттик ыкма менен ишке ашырылат. С. щелочь менен ысытканды пирожүзүм кислотасын пайда кылуу менен ажырайт. Периодат окистенүүсүн жүргүзгөндө формальдегид, аммиак жана глиоксил пайда болот. С. калыбына келтирүүдөн (HI+P) аланин алынат. С. мүнөздүү түстүү реакцияларды Несслер реактиви жана иоддуу к-та берет. С. эң маанилүү жаратылыш амин к-тасы бардык белоктор курамында, айрыкча жибек фиброинде көп болот.

Колдонулган адабияттар түзөтүү