Серотонин, 5-окситриптамин - киши жана жаныбар ткандарында жана канында болуучу биол. активдүү зат; нерв системасынын медиатору.

Серотонин.

Биринчи жолу кристалл түрүндө буканын кан сары суусунан алынган (1947). Серотонин көп өлчөмдө ичеги көңдөйлүүлөр, муунак буттуулар, жерде-сууда жашоочулардын ууларында жана өсүмдүктөрдө кездешет.

Организмде Серотонин триптофан аминокислотасынан синтезделет. Серотонин кан тамырлардын тонусуна күчтүү таасир этип, борбордук нерв системасынын ишин, ошондой эле тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу, эндокрин ж. б. системаларды гумордук жөнгө салууга катышат.

Организмдеги Серотонин алмашуунун бузулушу жүрөк инфаркты, жара, айрым психикалык ж. б. ооруларды пайда кылат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.