Серпентин (лат. serpens - жылан; өңү жыландын термине окшош) - катмарлуу силикаттар классчасындагы минерал.

Кристалл торчосунун деформацияланыш мүнөзүнө жана морфологиясына жараша Серпентин үч негизги түргө ажырайт: майда кабырчыктуу, калдыркандуу - антигорит; ичке булалуу - хризотил; майда бүртүкчөлүү - лизардит. Өңү ак, сары, жашыл.

Катуулугу Моос шкаласы боюнча 2,5-3; салышт. салм. 2,5. Серпентин - серпентинитти түзүүчү минерал. Серпентин имараттарды кооздоо үчүн колдонулат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.