Сибирь платформасы

Сибирь платформасы - Түндүк Азиянын ортоңку бөлүгүнөн орун алган байыркы (рифейге чейинки) ири платформа.

Батыш чеги Енисей дарыясы, түндүгү Бырранга тоосунун Түштүк этеги, чыгышы Лена дарыясынын төмөнкү агымы, түштүгү Становой жана Яблоновый тоолору, Байкал колунун Түштүк чети менен чектешет. Платформанын фундаменти архей жана протерозой замандарында пайда болгон кристаллдашкан сланец, амфиболит, чарнокит, мрамор ж. б. тектерден түзүлгөн.

Анабар массивинде, Оленек келкисинде, Алдан калканында, Байкал боюнда, Чыгыш Саян четки келкисинде жана Канск урчугунда фундамент бир аз көтөрүлүп жер бетинс чыгат. Калган бөлүгүн кембрийден антропогенге чейин пайда болгон турдуу чөкмө тектер жаап жатат. Чөкмө тектердин калындыгы 10-12 км ге жетет.

Платформанын Мохоровичич чегине чейинки жалпы калыңдыгы 28-30 кмден Вилюй жана Тунгус синеклизаларында 40-45 кмге чейин (Алдан калканында).

Платформанын фундаментинде темир, слюда, пьезокварц, апатиттин кендери белгилүү. Үстүңкү чөкмө тектер менен көмүрдүн (Лена, Тунгус, Иркут көмүр бассейндери), нефть жана газдын, таш туз, гипс, темирдин кендери байланыштуу, Ошондой эле алтын кен чачындысы, фосфорит, марганец, никель, жез, графит жана алмаз кендери табылган.

Колдонулган адабияттарОңдоо

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.