Сигнатура (лат. siyno - көрсөтөм, белгилейм) (полиграфияда) -

1) китептин, журналдын ар бир басма табагынын биринчи бетине (төмөнкү сол бурчуна) коюлуучу жана анын үчүнчү бетине жылдызча менен кайталануучу басма табактын катар номери.

Ал бир басма табакты бүктөө жана жыйнактоо тууралыгын текшерүү учун колдонулат.

2) Литеранын төмөнкү бөлүгүндөгү терилип жаткан сапта литеранын туура жайгашканын текшерүүгө мүмкүндүк бере тургандай тууралжын жарым тегерек оюк.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.