Сидерикалык мезгил (sideral) – планетанын Күндү толук бир айлануу мезгили.

Ал мезгил жылдыздык же сидерикалык айлануу мезгили деп аталат. Сидерикалык мезгил Айдыкына окшош синоддук кыймылдын теңдемеси бонча аныкталат. Планетанын төмөнкү (Күнгө жакын орбитада) абалдагысы:
1/S = 1/T – 1/E,
жогорку (Жерден кийинки орбитада) абалдагысы:
1/S = 1/E –1/T
формуласы бонча туюнтулат.

Мында Е – жылдыздык же сидерикалык жыл, S – планеталардын эки бирдей конфигурациясынын (карама-каршы туруу мезгилдеринин) ортосундагы убакыт аралыгы, бул планетанын синодикалык айлануу мезгили болот.

Сидерикалык ай

түзөтүү

Сидерикалык ай – Айдын Жерди толук бир айланууга кеткен убакыты. Бул 27,32 суткага барабар. Сидерикалык ай жылдыздык ай деп да аталат. Айдын Жерди бир айланууга кеткен убакыты анын өз огунун айланасында бир айланганга кеткен убакытка барабар. Ошондуктан Айдын Жерге карата бир жак капталы дайыма көрүнүп турат. Алгач Ай өз огунун айланасында азыркыга караганда тез айланган деп болжолдонот. Жерге Айдын бир жак бети эмес кезеги менен бардык капталдары көрүнгөн. Массивдүү Жерге жакын Айдын катуу телосунда ташкын толкуну пайда болгон. Ал тез айланган Айга таасир тийгизип, Айда токтотмо процесс Жерге бир капталы дайыма көрүнүп турган абалга чейин уланган. Мындан Айдын аркы бети жана көрүнгөн бети деген түшүнүк келип чыккан. Кыскасы Жерден Айдын 59% бети көрүнөт.

Күн системасындагы планеталардын сидерикалык мезгили

түзөтүү

Таблицага Айдын, кээ бир астероиддердин, кодоо планеталардын жана Седнанын көрсөткүчтөрү кошулган.

Планета Сидерикалык мезгил
Меркурий 87,97 күн
Чолпон 224,7 дней
Жер 1 жыл же 365,2564 күн
Ай
(жердин айланасында)
27,322 күн
Марс 1,88 жыл
Астероиддер
(орточо)
4,6 жыл
Юпитер 11,86 жыл
Сатурн 29,46 жыл
Уран 84,02 жыл
Нептун 164,78 жыл
Плутон 248,09 жыл
Хаумеа 285 жыл
Макемаке 309,88 жыл
Эрида 557 жыл
Седна 12 059 жыл

Колдонулган адабияттар

түзөтүү
  • Астрономия. Энциклопедиялык окуу куралы, 2004, Бишкек
  • Башкы редактор: Ү. Асанов. Жооптуу редактор: Э. Мамбетакунов