Сильвинит
Сильвинит (минералдык курамы б-ча)- туздуу тоокен тектери, калий тузу. Сильвин жана галит агрегатынын ангидрид, доломит, магнезит, карналит, кум-топурактуу материалдар менен аралашмасы. Ак, күлгүн же кызыл (саргыч түстөн-кызыл түскө чейин), ошондой эле чаар (агыш, кызыл жана көк катмардуу) түстө кездешет. С. сильвин жана калий, калий бирикмелерин (поташ, жегич натрды ж.б.) алууда колдонулат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Химия: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6