Симбиоз( грек. συμ- — «бирге, биргелешип» и βίος — «жашоо») — ар кандай түрдөгү организмдин узакка же дайыма биргелешип жашоосу. Симбиоз өсүмдүктөрдүн, жаныбарлардын, өсүмдүк менен жаныбардын, жаныбарлар менен микроорганизмдердин ортосунда болот. Көп учурда симбиоз эки жакка тең пайдалуу.

Өсүмдүктөрдөгү симбиоз.

Өсүмдүктөрдөгү симбиоз түзөтүү

Өсүмдүктөрдө болуучу симбиозго татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн тамыры менен козу карындын ортосундагы микориза мисал боло алат, ошондой эле чанактуу өсүмдүктөр менен түймөк бактериялардын симбиоз кеңири белгилүү.

Жаныбарлардагы симбиоз түзөтүү

Жаныбарлардагы симбиозго качкын рак менен актиниянын бирге жашоосу кирет. Актиния рактын үлүл кабыгына жабышып жүрөт, анын калган тамагы менен азыктанат.

Адам менен жаныбардагы симбиоз түзөтүү

Мындан тышкары адам жана жаныбарлар менен микроорганизмдердин ортосундагы симбиоз кеңири таралган. Айрым бактериялар адамдын ичегисинде жашап, адамдын жашоосуна керектүү витаминдерди бөлүп чыгарат. Жаныбарлар менен өсүмдүктүн симбиозна курт-кумурскалар менен ачыткы козу карындын бирге жашоосу мисал болот.

Комменсализм түзөтүү

Бактериялар, козу карындар курт-кумурсканын денесинде жашап, анын эсебинен тамактануу менен алардын организминдеги зат алмашууга, башкача айтканда кант жана башкалар кошулмалардын ажырашына катышып, ага пайда келтирет. Чогуу жашагандардын бири экинчисине зыян келтирбей убактылуу же дайыма жашоосу комменсализм деп аталат.

Симбиоз — мителик түзөтүү

Эгерде Симбиоздо жашагандардын бири экинчисине зыян келтирсе антагонисттик Симбиоз — мителик деп аталат. ,

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8