Синатроп (сонку лат. Sina - Кытай жана гр. anthropos - адам) - эн байыркы казылма адамдардын өкүлү.

Синатроптун сөөктөрү 20-кылымдын 20-жылдары Кытайдагы Чжоукоудянь т. ж. станциясынын жанындагы Коцетанг үңкүрүнөн (Пекинден 45 км түштүк-батышта) 60 тан ашык адамдын баш сөөгү, жаактын, тиштердин жана сөөктөрдүн калдыктары, ошондой эле жөнөкөй таш куралдар табылган.

Синатроп питекантропко окшош, бирок баш сөөгү чоң (1040 см3), мандайы бийик жана дөң. Синатроп 400 мин жыл мурда жашаган, оттон пайдаланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.