Сина-Тибет тоолору , Сычуань Альп тоолору, Хуандуань- шань Кытайда.

Тибет тайпак тоосунун чыгыш четинде, Хуанхэ дарыясынан (түндүк) Янцзы дарыясына (түш.) чейин созулуп жатат. Уз. 750 км, туурасы 400 кмте чейин. Батыштан чыгышты карай бийикт. 5000-6500 дон 1000- 1200 го чейин басандайт. Эң бийик жери 7590 м (Гунгашань чокусу).

Метаморфизмделген жана гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Салуин, Меконг, Янцзы ж. б. дарыялардын жогорку агымындагы кууш, терец өрөөндөрү (капчыгайлар) менен бөлүнгөн кырка тоолордон турат. Капчыгайлардын теренд. 3000 мге чейин. Капталдары тик, корум таштар кеп.

Кен байлыктары: темир рудасы, алтын, жез. Түндүк бөлүгүндө аралаш токой (эмен, карагай ж. б.), түштүгүндө дайыма жашыл жана ийне жалбырактуу токой (эмен, мырза карагай, кипарис) өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.