Сингалдар
Сингалдар - улут, Шри-Ланка республикасынын негизги калкы.
Сингалдар | |
Сингал элинин салттуу никелери | |
සිංහල ජාතිය | |
---|---|
Мамлекеттер жана аймактар | |
Бардыгы: 15 миллион (2012-жыл) | |
Тили |
Сингал тили |
Дини |
Тхеравада (көпчүлүк) Христиан (азчылык) |
Жалпы саны 9,8 млн (1975) адам. Антропогиялык жактан европеоид расасына кирет. Түндүк Индия элдери менен тектеш. Сингал тилинде сүйлөшөт. Көпчүлүгү будда, азы христиан дининде.
Сингалдар талаа-түздө жашагандар жана тоолуктар болуп 2 топко бөлүнөт. Тоолуктардын турмушунда кээ бир эзелки өзгөчөлүктөр сакталган.
Сингалдардын көбү дыйканчылык, жээкте жашагандары балыкчылык менен кесип кылышат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.