Тарыхы

түзөтүү

Сингапур тууралуу алгачкы маалыматтар кытайлык хроникаларда (III кылымдагы) жолугат. Арал Шривиджая империясынын ээлигинде болгон, империянын борбору Суматра аралында жайгашып, Темасек деп явалыктарча аталган экен.. Темасек бир учурда маанилүү соода борбору болуп туруп, кийин өз маанисин жоготуптур. Темасек шаары тууралуу айрым археологиялык табылгалардан башка маалыматтар жокко эсе.

XV—XVI кылымдарда Сингапур Жохор султанатынын курамына кирип турган. 1617-жылдагы Малайя-Португалия согушунун убагында Сингапурга португалия аскерлери кол салган экен.

1819-жылдын 6-февралында сэр Томас Стамфорд Раффлз, - Британдык Ост-Индия компаниясынын өкүлү, - Жохордун султаны менен Сингапурда ар түрдүү этникалык топтордун көчүп келишине уруксат берүү менен соода аймагын уюштуруу тууралуу келишим түзөт. 1867-жылы Сингапур Британ империясынын колониясы болуп калат, анткени англистер Китайга баруучу жолдогу таяныч пункт катары Сингапурга чоң маани беришкен. Экинчи дүйнөлүк согуш убагында Япония Малайяны ээлейт, анан Сингапур үчүн урушта англистердин аскерлери көп болгонуна карабастан аларды жеңип алат (бул стратегиялык калпыс чечимдин натыйжасы эле — англистер япондордун кол салышын деңиз жактан күтүшкөн, алар болсо бүткүл Малайяны басып өтүп, Сингапурга анча корголбогон кургактан сокку урушат), 1942-жылдын 15-февралында Сингапур Япониянын колуна өтүп, бул абалда Япониянын 1945-жылдын сентябрында жеңилишине чейин турат. 1959-жылдан баштап Сингапур Британ империясынын курамындагы өзүн өзу башкарган мамлекет болуп калат, Ли Куан Ю болсо шайлоодон кийин премьер-министр болот. 1963-жылы референдумдун жыйынтыгы менен Сингапур Малайзия Федерациясына - Малайя, Сабах жана Саравак мамлекеттери менен бирге - кирет, бирок 1965-жылы 7-августта чырдашуудан кийин Сингапур Малайзиядан чыгып кетип, 1965-жылдын 9-августунда эгемендигин жарыялайт. Сингапур тынчтык менен ажырашат, анткени федерациянын жетекчилиги анын Малайзиянын курамында болушу этникалык балансты кытай калкынын пайдасына кыйшайтат деп эсептешкен.

1959-жылдан 1990-жылга чейин Ли Куан Ю башкарып турганда, эч бир байлыгы жок Сингапур (ичүүгө сууну дагы Малайзиядагы Жохордон ташып келишчү), толуп жаткан ички-сырткы проблемаларын өзү чечип, 3-дүйнөнүн кедей өлкөсүнөн жашоо деңгээли жогору турган эң өнүккөн өлкөнүн даражасына чейинки секирикти жасайт. 2004-жылы 10-августта Сингапурдун 63 жаштагы премьер-министри Го Чок Тонг, бул постту кийинки 14 жыл ээлеп тургандан кийин кызматтан чегинип, бул тууралуу расмий өтүнүчүн өлкө президенти С. Р. Натанга тапшырат. Өкмөттү 52 жаштагы Ли Сянь Лун — Ли Куан Юнун тун уулу - башкарып калат. Ал финансы министринин постун да ээлеп турат. Бийликтен кеткенден кийин ага министрдин кызматын аткарып келген 80 деги Ли Куан Ю, уулунун өкмөтүндө 2011-жылга чейин өкмөттүн кеңешчиси болуп турган. Сингапур эгемендик алгандан бери өткөн 53 жылдын ичинде эки гана премьер-министр (Ли Куан Ю жана Го Чок Тонг) алмашты, азыр өкмөттү Ли Куан Юнун уулу Ли Сянь Лун башкарып жатат. Сингапурдун гүлдөп өсүшүнүн дагы бир себеби, так ушул стабилдүүлүктө болсо керек.

1959—1990-жылдардагы модернизация Эгемендик алган кезинде Сингапур ичүүгө сууну жана курулушка кумду да сырттан ташып келген кичинекей кедей шаар-мамлекет эле. Чынында мамлекет эмес эле, балыкчылардын кыштагы экен. Кошуна мамлекеттер достук маанайда эмес эле, калктын үчтөн бири коммунисттерге тилектеш болгон. Ли Куан Ю өзүн жана өз командасын "англис тарбиясын алган буржуазиялык лидерлердин тобу"[5] деп мүнөздөгөн.

Сингапурдун символу — жомоктогу персонаж Мерлайон («жарым балык-жарым арстан») Ли Куан Юнун өкмөтү экономикалык өнүгүш Стратегиясы боюнча Сингапурду Түштүк-Чыгыш Азиянын финансылык жана соода борборуна айландырууну, ошондой эле, четтен инвесторлорду тартууну көздөгөн. Ли Куан Ю: «Биз ар бир инвесторду кошколдоп тосчубуз… Ага өндүрүштү жолго коюуга жардам бериш үчүн жан талашчыбуз», — деп жазат. Натыйжада «америкалык транснационалдык корпорациялар Сингапурда жогорку технологиялуу масштабы чоң өндүрүштүн байдубалын тургузушту», ошентип бул шаар-мамлекет, мисалга, электрониканын[6]ири өндүргүчү болуп калды. Эгемендикти алгандан кийин Сингапурда коррупциянын деңгээли жогору болгон. Ли Куан Ю минтип жазат: «Коррупция - азиялык турмуштун ажырагыс көрүнүшу эле. Адамдар параны ачык эле алчу, бул алардын жашоо мыйзамы болгон». Коррупция менен күрөш «чечимдерди кабыл алуу процедурасын жөнөкөйлөтүүдөн, мыйзамдарды ачык жана жөнөкөй эрежелерди кабыл алуу менен кош маанилүүлүктөн арылтуудан - керек болсо, ар кандай ишмердикке уруксат берүүлөрдү жана лицензиялоону алып таштоодон - башталды». Судьялардын эмгек акысы кескин көтөрүлдү, бул кызматка «мыкты жеке менчик адвокаттар» чакырылды. Сингапур судьясынын жылдык кирешеси бир нече 100 миң долларга жетти (ал эми 1990-жылдарда — 1 млн доллардан ашты.). Триада (уюшкан кылмыштуу топтор) аёосуз түрдө жок кылынды. Полициянын курамы кытайлардан туруп калды (мурда булар малаялыктар болуп, ичтен чыккан этникалык чырларын Ли Куан Ю өзү келип токтоткон учурлар да болгон). Жооптуу посттордогу мамлекеттик кызматкерлердин эмгек акылары жеке менчик компаниялардын топ-менеджерлериникиндей деңгээлге чейин көтөрүлдү. Чоңдордун арасындагы коррупция менен күрөшүү үчүн өзүнчө эч кимге баш ийбеген орган түзүлдү (Ли Куан Юнун жакындарына дагы кылмыш иштери козголгон болучу). Коррупционер катары бети ачылган министрлер ар кандай мөөнөткө кесилишти, кээ бирөө өз жанын кыйды, кайсы бирөөлөрү өлкөдөн качып кетти. Булардын ичинде Ви Тун Бун[7] (айлана-чөйрөнү коргоо министри) сыяктуу Ли Куан Юнун жолдоштору да болгон. Натыйжада Сингапур (эл аралык рейтингбоюнча) дүйнөнүн коррупцияга өтө аз чалдыккан мамлекеттеринин бири болуп калды.

Букит-Баток району. Ли Куан Ю өзүнүн мемуарларында дайыма мыйзамдын биринчилик принцибин жана мыйзамдын алдында - чоңдор менен өз туугандары кошо - баары бирдейлигин камсыз кылып келгендигин айтат. Өлкөнүн мыйзам чыгаруу системасы англиялык колониялык башкаруудан мураска калган болучу[8]. 1960—1970-жылдарда билим берүү системасы реформаланды. Сингапурда болгон көп ар түрдүү улуттук мектептерге бирдиктүү минималдуу стандарттар берилди. Англис тили бардык мектептерде милдеттүү түрдө окутулуп, жогорку окуу жайларда окутуу да ушул тилде жүргүзүлүп калды. Өкмөт сингапурдук студенттерди дүйнөнүн мыкты университеттеринде[9] окутууга акча аяган жок. Өкмөт калктын көпчүлүгүн менчик турак-жай менен камсыз кылууга чоң маани берип турду. 1960-жылдарда ипотекалык кредиттөө системасы түзүлдү, турак-жай курулушу кескин өстү, ошентип 1996-жылга карата шаардагы квартиралардын 9 %ы гана ижарага берилип калды, калгандары менчиктештирилди.[10] Буга кыймылсыз мүлккө салынган салыктын төмөндүгү себеп болду (менчик ээси өзү жашаса квартиранын базар баасынын 3,7 %ын, ижарага берсе - 10 %ын төлөгөн).