Синдикат (лат. syndico - карайм, текшерип жатам).

Соода-сатыктагы оз ара күрөштү жок кылууну жана арбын пайда алууну көздөп, негизинен бир түрдүү товар сатууга контролдукту ишке ашырган, картель сыяктуу монополиялык бирикме.

Синдикатка катышуучулардын товарларын сатуу жана сырьё сатып алуу бир орган - соода конторасы аркылуу жүргүзүлөт. Соода конторасы заказдарды топтойт да, үлүш боюнча монополияларга бөлүштүрүп, алар болсо мурдагы келишим боюнча өз товарларын ага өткөрүп берет.

Синдикаттын катышуучулары өндүрүш жана укук жагынан өз алдынча укукка ээ, бирок соода кылууга укугу жок. Синдикат 20-кылымдын башында, экинчи дүйнөлүк согушка чейин Германия, Франция ж. б. өлкөлөрдө өнүккөн. Революцияга чейин Россияда бир канча ири Синдикат болгон. Монополиялаштыруунун күчөшүнө байланыштуу көп тармакта ал монополиялык бирикме түрү катары оз маанисин жоготуп, анын башка ийкемдүү түрлөрү өнүгүүдө.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.