Синдхилер - эл, Пакистандагы Синд тарыхый аймагында жашаган калктын негизги бөлүгү; Индияда жашайт.

Саны 12 млн (1975) адам. Синдхи тилинде сүйлөшөт. Көбү исламды тутат. Индиядагылары негизинен индуизм дининде. Синдхилер - Инд дарыясынын өрөөнүндөгү байыркы элдердин бири. Алардын маданиятына гректер, македондуктар, сактар, ак гунндар (эфталит- тер), арабдар ж. б. баскынчы элдер өз таасирин тийгизген.

Синдхилердин көбү дыйканчылык, малчылык менен кесип кылышып, азы өнөр жайда иштейт. Синдхилер англ, колониячыларга каршы улуттук боштондук күрөшкө активдүү катышкан

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.