Синеклиза (гр. syn - бирге жана enklisis - томен ийүү) - платформалардагы жер кыртышын түзүүчү тoo тек катмарларынын ири аймакта төмөн карай ийилүүсүнөн пайда болгон энкейиш жер; аитеклизанын тескерисинчедей түзүлүштөгү тектоникалык структура.

Тегерек же сүйру түспөлдө (формада) болуп, эни бир нече жүз, кээде миңден ашык км, терендиги 3-5 кмге чейин жетет.

Синеклиза узак убакыт (жүздөгөн млн жыл) бою өнүгүп, алгачкы түспөлү көп өзгөрбөйт. Too тек катмарлары ортосуна калыңдап, чет жакаларында жукарып кетет.

Кээде авлакогендин үстүндө пайда болуп, көбүнчө жалчалар менен татаалданып калган болок- болок ойдуддардан турат. Сибирь платформасында Тунгус Синеклизасы, Орус платформасында Москва Синеклизасы ж. б. белгилүү.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.