Синхротрон (гр. synchronos - бир убакта жана (элек)трон)-радиусу туруктуу орбита боюнча электрондорду циклдүү резонанстуу ылдамдаткыч.

Синхротрондо электрондор убакыт өткөн сайын улам күчөй турган магнит талаасында туруктуу жыштыктагы электр талаасы менен ылдамдатылат.

Синхротрондун магнити шакекче түрүндө болуп, анын көңдөйчөсүнө электрон булаты бар вакуум камерасы орнотулат.

Ылдамдатылуучу электрондор Синхротрондун улам күчөген магнит талаасында тегерек орбита боюнча кыймылдайт.

Ал энергияны жогорку жыштыктуу электр талаасынан алат.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.