Синявский Вадим Святославович
Синявский Вадим Святославович (28. 7(10. 8). 1906, Смоленск - 3. 7. 1972, Москва) - советтик журналист, радиокомментатор.
Спорттук радиорепортаждын советтик мектебине негиз салган.
- 1945-жылдан КПСС мүчөсү.
- 1924-72-ж. Бүткүл союздук радиодо иштеген. 30-50-жылдары Синявскийдин спорттук радиорепортаждары бүткүл элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган.
- Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде фронттон радиорепортаж берип турган.
- Үч орден жана медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабияттар
түзөтүүКыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.