Сирацкий, Андрей (1900-ж. т.) – Чехословакиялык философ жана социологияны изилдөөчү.

Чехословакия (1972) жана Словакия (1955) Илимдер Академиясынын академиги. 1953–56-жылдары Братиславадагы Я. А. Коменский атындагы университеттин ректору.

1955–61-ж. Словакия Илимдер Академиясынын төрагасы. 1969–1972-ж. «Социология» журналынын редактору, 1973-жылдан «Философия» журналынын башкы редактору.

1975–78-ж. Словакия Илимдер Академиясынын философия жана социология институтунун директору. Негизги эмгектери тарыхый материализм, этика жана социология багыттары боюнча жазылган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү