Сирия чөлү - Батыш Азияда; Сирия, Ирак, Иордания жана Сауд Арабиясы өлкөлөрүнүн аймагында.
Аянты 1 млн км2. Түндүк - чыгышты карай 800-дөн 500 метрге чейин төмөндөгөн плато. Платонун айрым жерлеринде бийикт. 1000-1100 мге жеткен аралча тоолор көтөрүлүп жатат. Кум массивдери жана таштуу хамадалар кездешет. Климаты субтропиктик, континенттик, кургак.

Жылдык жаан-чачыны 100 мм. Өсумдүктөрү (бадал, эңилчек жана эфемерлер, эфемероиддер) сейрек. Калкы негизинен көчмөн келип, мал чарбасына (кой, эчки, төө) кесиптенишкен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.