Сиротинин Николай Николаевич

Сиротинин Николай Николаевич (14(26). И. 1896-ж. т., Саратов) - советтик патофизиолог, СССР МИАнын акад. (1957), УССР ИАнын корр. мүчөсү (1939).

Саратов университетин бүтүрүп (1924), ошол жерде 1925-жылдан А. А. Богомолецтин жетекчилиги менен 2- Москва университетинде иштеген.

1929-жылдан Казан мед. институтунда кафедра башчысы; 1934-жылдан Киевдеги мед. институтта, клиникалык физиология, эксперименттик биология жана патология институттарында лаборатория, кафедра башчысы. Анын негизги эмгеги аллергия, иммунитет жана инфекциялуу процесстерге ж. б. арналган. Бийик тоодогу баскычтуу климатташтыруунун принцибин иштеп чыккан; организмдин жагымсыз таасирлерге туруктуулугун күчөтүү үчүн бийик тоо климатына көнүгүүнү колдонуу мүмкүн экенин көрсөткөн.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.