Сифонофорлор (лат. Siphonophora) - ичеги көңдөйлүүлөрдүн классчасы.

Physalia physalis.

Денесинин уз. 1 смден 3 смге жетет, түссүз. Түзүлүшү өзгөргөн полип жана медузадан турган колониялуу организм. Жогору жагында жайгашкан газ (көбүнчө азот) толгон баштыкчасы колонияны тик абалда кармап, чөктүрбөйт.

Сифонофорлордун курамындагы медуза кыймылдоо, ал оми полип тамак кармоо, эритүү жана жыныстык көбөйүү функцияларын аткарат. Личинкасы эркин сүзүп жүрүп, бүчүрлөнүү жолу менен колонияга айланат.

Сифонофорлор тропик жана мелүүн деңиздерде жашайт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.