Сихотэ-алинь - Россиянын түштүк-чыгышындагы тоолуу аймак, Япон деңизи менен Уссури жана Амур дарыяларынын ортосунда.

Уз. 1200 км, туурасы 200-250 км. Орточо бийикт. 800-1000 м, эң бийик жери 2077 м (Тордоки-Яни чокусу).

Дарыялардын терең өрөөндөрү менен бөлүнгөн кырка тоолордон, массивдерден, платолордон турат.

Негизинен орто бийик тоо тибиндеги рельеф басымдуу. Суу бөлгүчүнө жылаңач аскалар мүнөздүү. Деңизге караган чыгыш капталы тик.

Кен байлыктары: көмүр, калай, полиметалл рудалары, алтын ж. б. Түндүгүндө ийне жалбырактуу, түштүгүндө аралаш токой өсөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.