Диодор сицилиялык (б. з. ч. 90-ж. ченде - б. з. ч. 21-ж.) - байыркы грек тарыхчысы, «Тарыхый китепкана» деген 40 китептен турган чыгарманын автору.

Диодор сицилиялык (1746).

Бизге булардын 1-5 жана 11-20-китептери толук, калганы үзүндү түрүндө жетти. Чыгармада Байыркы Чыгыштын, Грециянын эллин мамлекеттеринин жана Римдин уламыi мезгилинен б. з. ч. 1-кылымдын ортосуна чейинки тарыхы баяндалган. Грециянын классикалык доору, Сицилиядагы кулдардын көтөрүлүшү (б. з. ч. 2-к.) жөнүндө бөтөнчө кызыктуу кабарлар бар.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаев. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977. Том 2. В - Иридий. -672 б.