Скандха
Скандха (санскрипт पञ्चस्कन्धी, - агрегат, биригүү) – Индия философиясындагы – түшүнүк, буддизм менен катар белгилүүлүккө ээ болгон (бөтөнчөлүгү жок психофизикалык ишмердүүлүктүн физикалык составы боюнча дүрт эте турган жандуу процесс), бир принциби боюнча дхармдын биригүүсүн билдирет.
Беш Скандха жашайт:
- Руна-бардыгы материалдуу, тактык бардыгы бөтөнчөлүк сезимге ээ. (Мисалы: беш сезүү органы, эмнени кабылдашса, алардын ишмердүүлүгүнүн учурунда пайда болгондо ж. б.),
- Ведана – эмоцияны сезүү;
- Санджня – көрсөтүү – өздөштүрүү;
- Сандкхара – өтө олуттуу жана татаал түшүнүк: жөндөмдүүлүк – шык, кармалык, кайраттуулук – себеп, кыймылдаткыч элементтери;
- Виджыяна – аң-сезим, акыл-эс маанисинде.
Дхармдын бул беш биригүү-жандашуу функциясы, негизинен адамдын «менине» окшоштурулат. «Мен» буддизмде жан дегенди түшүндүрөт. Скандха жөнүндөгү көрсөтүү Буддизмдеги эң эле алгачкы чыгуу. Скандха тантризмде космостук күчкө айланат.
Колдонулган адабияттар
түзөтүү- Философия: энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.-Б.: 2004,ISBN 9967-14-020-8