Скафандр (гр. scaphe - кайык жана andros - киши) - бөтөнчө шарттарда (өтө сейректелген атмосферада, космосто, суу астында) адамдын тиричилик аракетин жана иштөө жөндөмдүүлүгүн камоыз кылуучу, жекече герметикалык кийим.

Скафандр адатта костюмдан, туулгадан (шлёмдон), мээлейден жана ботинкадан турат. Дем алуу аралашмасын пайда кылуу ыкмасына жараша Скафандр вентиляциялык жана регенерациялык болуп бөлүнөт. Колдонулушуна карата Скафандр бийиктикте сактагыч, космостук жана суучулдук болуп айырмаланат.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.