Скирлер
Скирлер (Skiren, Sciren) — готторго жакын байыркы герман уруусу. Алгач Балтика деңизинин жээгинде жана Висла дарыясынын боюнда жашашкан. Ругдар жана герулдар менен биригип, б.з. II-кылымынын аягында Кара деңизди көздөй бет алышкан. IV-кылымдын аягынан 454-жылга чейин гунндардын бийлиги астында болушкан. V-кылымдын ортосунда алар Ортонку Дунай аймагына отурукташкан.Остготторго каршы күрөштө жеңилип (Болия салгылашууда 469ж.) калышты. Андан кийин, алардын издери башка герман урууларынын арасында жоголот. Айрымдары Одоакрдын жалданма аскердик кызматына киришет.