Скнир Эдуард (1884-1939) - америкалык тилчи жана этнолог.

  • Америка искусство жана илимдер академиясынын мүчөсү.
  • Колумбия университетин бүткөн (1904).
  • Чикаго (1927-1931), Иель (1931 -жылдан) университеттеринин ирофессору.
  • АКШнын Лингвистикалык (1933) жана Антропология (1938) коомдорунун президенти болгон.
  • Негизги эмгектеринде жалпы тил илиминин маселелери, америкалык индеецтердин тилдери изилденет.
  • «Тил» (1921) деген китебинде азыркы америкалык структурализмдин өнүгүшүнө кыйла таасир тийгизген лингвистикалык концепциясы, тилдердин оригиналдуу типологиялык классификациясы берилген.
  • Анын айлана-чөйрө тууралуу адам түшүнүгүнүн калыптанышына тилдин тийгизген таасири жөнүндөгү илимий божомолу (Сепир-Уорф гипотезасы) этнолингвистиканын негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9