Скотт Вальтер (15. 8. 1771, Эдинбург - 21. 9. 1832, Абботсфорд) -англ, жазуучу. Шотландиялык ак сөөк үй-бүлөдөн.

Эдинбург университетинен укук боюнча билим алган.

1799-жылдан Сед-керк графтыгынын шерифи, 1806- жылдан соттун секретары. Адабий чыгармачылыгын романтизм талапкери катары баштаган. Скотт Вальтер тарыхый роман жанрына негиз салган. Кресттүүлөрдүн жортуулунан тартын 17-кылымдагы революцияга чейинки жана Англиянын 18-кылымдагы турмушун камтыган тарыхый романдар циклин жазган.

«Уаверли» (1814), «Гай Мэннеринг» (1-3-т., 1815), «Антикварий» (1-3-т., 1816), «Пуритандар» (1-4гт., 1816), «Роб Рой» (1-3-т., 1818), «Эдинбург зынданы» (1818) романдарында Шотландиянын өткөндөгүсүнө кайрылып,патриархалдык уруу мамилелеринин бузулуш процессии көрсөтөт. 20-жылдары жазылган «Айвенго» (1-3-т., 1820), «Кенилворт» (1-4-т., 1821), «Нигелдин жүрүшү» (1822), «Вудсток» (1-3-т., 1826) аттуу романдарында Англиянын тарыхындагы маанилүү кырдаалдарды чагылдырат. Романдарынын акыркы тобу - «Квентин Дорвард» (1-3-т., 1823), «Роберт-Париж графы» (1-4-т., 1832) ж. б.

Скоттун чыгармачылыгы дүйнөлүк тарыхый романдардын жана тарых илиминин өнүгүшүнө күчтүү таасир эткен.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.