Скрипка (итал. violino, франц.,англ. violin) же каман (түрк. keman)- кылдуу тартма музыкалык аспап; Скрипка түрүндөгү аспаптар тобунун эң бийик добуштуусу.

Төрт кылы квинта добуш аралыгына күүлөнөт. Добуш көлөмү төрт октава. Добуш чыгарууда эки ыкма: жаа тартуу жана «чымчуу» (pizzcato) колдонулат. Скрипканын классикалык үлгүлөрү 15-18-кылымдарда Францияда, Италияда жана Түштүк Германияда жаралган. Скрипка тобу симфониялык оркестрдин, квартеттин негизин түзөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Алагушов, Балбай. Кыргыз музыкасы: Энциклопедиялык окуу куралы / Башкы редактору Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. – 400 бет. -ISBN 9967-14-016-X.