Скрябинемоз - Skrjabinema уруусундагы жумуру мите курттар (скрябинемалар) козгоочу ылан.

Мите курттар кой, эчки, жейрен ж. б. кепшөөчүлөрдүн жоон ичегисинде мителейт. Скрябинемоз жер шарынын бардык зоналарында таралган, Кыргызтанда да кездешет. Скрябинемоз ыланына кой, эчки жыл бою чалдыгат, ылаң жазында абдан көп учурайт. Аны скрябинемалардын сиркесин изилдеп табуу жолу менен оорунун клиникалык белгилерине ылайык аныктоого болот.

Скрябинемоз ылаңын дарылоо жолу али иштелип чыга элек.

Колдонулган адабияттар түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.