Славянофилдер -19-кылымдын 40-50- жылдарындагы орустун коомдук жана философиялык ой-пикир багытынын өкүлдөрү.

Славянофилдер батыш европанын өнүгүү жолун кубаттагандар менен талашып-тартышкан. Алардын дүйнөгө көз карашына революцияга терс мамиле, монархизм жана диний-филос. концепциялар мүнөздүү.

Славянофилдердин көбү келин чыгышы жана социалдык абалы боюнча орто помещиктер болгон. Славянофилдердин көз карашын шптеп чыгууда адабиятчылар, тарыхчылар, тилчилер, акындар, окумуштуулар (А. С. Хомяков, И. В. Киреевский, К. С. Аксаков, В. И. Даль, Ф. И. Буслаев, М. А. Максимович) башкы роль ойногон. «Русская беседа», «Молва», «Парус» ж. б. газета, журналдарды чыгарышкан.

Славянофилдер Россиянын Батыш Европадан айырмаланган өз алдынча өнүгүшү жөнүндө «теория» чыгарышкан. Негизинен Славянофилдердин филос. концепциясы материализмдин идеяларына карама-каршы турган. Алар интеллигенцияны эл менен жакындашууга, анын турмушун, маданиятын жана тилин изилдөөгө чакырган. Славянофилдер эзүүдөгү славян элдеринин улуттук-боштондук кыймылынын көрүнүктүү көп ишмерлерине таасир тийгизишкен. Революциячыл кырдаал жылдарында (1859-61) Славянофилдер менен батышчылдардын ортосунда либерализмдин негизинде бир топ жакындашуу болгон.

Реформадан кийинки мезгилде славянофилчилик коомдук ойдун өзгөчө агымы катары жоюлган.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.