Смирнов, Владимир Иванович

Смирнов, Владимир Иванович (1910-ж.т., Москва ш.) – геолог, СССР ИАнын академиги (1962), корреспондент мүчөсү (1958), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1980). Кыргыз ССРнин илимге эмгек сиңирген ишмери (1970). Москва геол. чалгындоо ин-тун бүтүп (1934), ошол эле институтта иштөө менен Тажик-Памир экспедициясынын кызматкери болгон (1934–37). Кыргызстандагы Айдаркен сымап комбинатында башкы геолог (1941–49-ж.). Кен байлыктардын запасы б-ча бүткүл союздук комиссиянын төрагасы (1946–49), СССР геология министринин орун басары (1946–51). Москва түстүү металл ж-а алтын ин-тунун профессору (1949–52), 1951-жылдан МГУда (1952-жылдан кен байлыктар кафедрасынын башчысы) иштеген. Негизги илимий эмгектери руда кендеринин геологиясын изилдөөгө байланышкан. С. жердин терең катмарындагы кен байлыктардын пайда болуу ж-а өлчөмүн баалоо теориясынын негизин иштеп чыккан; руда кендеринин СССРдин аймагында пайда болуу ж-а жайгашуу аймактык закон ченемин аныктаган; сымап менен сурьманыи коргошун менен цинктин, урандын металлогениясынын проблемаларын иштеп чыккан; Дүйнөлүк океан түбүнүн металлогениялык өзгөчөлүгүн мүнөздөгөн; кендердин жалпы генезистик классификациясын сунуш кылган. Кыргызстандын илимий улуттук кадрларын ж-а жогорку квалификациялуу адистерин даярдоодо зор салым кошкон. Лениндик сыйлыгынын лауреаты (1972). Эки Ленин, Октябрь Революниясы, Эмгек Кызыл Туу ордендери ж-а медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар түзөтүү