Смэтс, Ян Христиан (1870–1950) – түштүк африкалык философ. Философ – идеалист, саясий ишмер, Британиялык фельдмаршал. 1919–24-ж. жана 1939–1948-ж. премьер-министр. Улуттар лигасынын уставынын авторлорунун бири. Саясий чыгармаларында расисттик реакциячыл теорияларды пропагандалаган. Дарвинизм менен талаш-тартышта философиялык холизм концепциясын иштеп чыгып, ошого байланыштуу эволюциялык процесстин негизинде материалистик жана таанып билүүгө мүмкүн болбогон «бүтүндүктөр» жатат деген. Анда адамдардын жогорку моралдык баалуулук булактарын караган. Смэтс концепциясы Бергсондун, Моргандын жана Александрдин «Эволюциялык чыгармачыл» теориясына жакын.

Ян Смэтс.

Колдонулган адабияттар түзөтүү