Советтик биринчи Пишпек полку
Советтик биринчи Пишпек полку – Кызыл Армиянын Түркстандагы кошуундарынын бири. 1918-жылы уюшулган. Командири Я.Н.Логвиненко болгон. 1918-жылы декабрда Аксуу козголоңун басууга катышкан. 1919-жылдан Советтик биринчи Пишпек полку деп аталган. Полктун негизинде жаңы аскер бөлүктөрү түзүлгөн. Полктун жоокерлери Түндүк Жетисуу фронтунда ак чехтер жана ак казак орустар козголоңун басууга катышкан. Фергана аймагында басмачыларга каршы күрөшкөн.
Колдонулган адабият
түзөтүү“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”