Согдулуктар – биздин заманга чейин 1-миң жылдыктын ортосунда Зеравшан өрөөнүндө жашашкан Орто Азиядагы байыркы чыгыш иран эли. Согду мамлекетинин негизги калкы. Согдулуктардын басып алуучулук ишмердүүлүгү соода-сатык турмушу, коомдун ичиндеги жалпы социалдык-экономикалык жана саясий процесстердин өнүгүшүнө байланышкан. Согдулуктардын басып алуучулук багытынын бири Теңир-Тоо аймагы болгон. Алардын ээликтери Орто Азиядан тышкары, Улуу Жибек жолун бойлой Чыгыш Түркстанда жайгашкан. С. көптөгөн шаарларды негиздешкен. Аларда соода-сатык, кол өнөрчүлүк, сүрөт өнөрү, согуш искусствосу, илим жана башка өнүккөн. Орто Азиянын тарыхына таасир тийгизишкен.

Колдонулган адабият түзөтүү

“Кыргыз тарыхы” Бишкек 2003. “Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору” “И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик тил Педагогикалык университети”

Интернеттик шилтемелер түзөтүү