Согуу толкуну ⎯ тыгыздыгы, басымы жана ылдамдыгы өтө тез көбөйүп, чөйрөдө (газ, суюктук же катуу нерседе) үн ылдамдыгынан тез таралуучу жука өтмө (кыймылдуу) катмар.

Согуу толкуну жарылуудан, нерселердин үн ылдамдыгынан, тез кыймылдоосунан, кубаттуу электр разряддарынан ж. б. пайда болот. Мис., жарылгыч зат жарылганда тыгыздыгы, басымы жана температурасы өтө жогору болгон жарылуу продуктусу пайда болот. Зат жарылганда бул продукт курчап турган аба катмарын кысат. Мында ар бир убакыт бирдигинде белгилүү көлөмдөгү гана аба катмары кысылат да, ал көлөмдүн тышындагы катмары дүүлүкпөгөн мурунку абалында калат. Бирок убакыт өткөн сайын кысылган абанын көлөмү көбөйөт. Ал чөйрөнүн кысылган бөлүгүнүн бардык массасы жарылуу теориясында Согуу толкуну, ал эми чөйрөнүн кысылган бөлүгүнүн кысылбаган (дүүлүкпөгөн) бөлүгүнөн болгон кыймылдуу өтмө чек Согуу толкунунун фронту деп аталат. Согуу толкунунун аракети практикада эске алынат. Бул толкундун пайда болушун жана таралышын түшүн-дүрүүчү классикалык мисал катары түтүктүн ичиндеги газдын (абанын) поршень менен кысылышын кароого болот. Эгерде поршенди үн ылдамдыгына чейинки ылдамдык (ϑ) менен жылдырып, газды кысса, анда кысылган газ аркылуу үн ылдамдыгына барабар ылдамдык (а) менен акустикалык кысылуу толкуну тарайт. Поршендин ылдамдыгы ϑ>а болсо, анда Согуу толкуну пайда болот. Реалдык газдарда жогорку температурада молекулалык термелүүнүн дүүлүгүүсү, молекулалардын диссоциациясы, химиялык реакция, иондошуу ж. б. болуп өтөт. Бул энергиянын чыгымдалышы жана бөлүк-чөлөрдүн өзгөрүшүнүн саны менен байланыштуу. Согуу толкуну нда фронттон сырткары газ күчтүү иондолот же плазма боюнча таралат, иондуу жана электрондуу температура дал келбейт. Электр өткөрүүчү чөйрөдө сырткы магнит талаанын пайда болушу менен магнит-гидродинамикалык Согуу толкуну таралат. Бир нече ондогон миң градус жогорку температурада Согуу толкунунун структурасына нурдук жылуулук алмашуу таасир этет. Энергия жана басым катуу нерселердеги Согуу толкунунда эки мааниге ээ: алар жылуулук кыймылы жана бөлүкчөлөрдүн өз ара аракеттешүүсү (жылуулук жана серпилгичтүү түзүүчүлөрү) менен байланышкан. Иш жүзүндө 104-105 атм. басымдагы начар Согуу толкуну зор мааниге ээ. Бул басым от алдырууда, суудагы жарылууда ж. б. чоңойтулат. Катуу нерселердеги анча чоң эмес басымда серпилгичтүү толкундар пайда болот.

Ад.:Зельдович Я. Б., Райзер Ю. П. Физика ударных волн и высокотемпературных гидродинамических явлений. - М.: 1966.

Колдонулган адабияттар түзөтүү