Шарты түзөтүү

Оюнчулардын саны 2—5 киши.

Оюн талаада өткөрүлөт.

Оюнда колдонуучу аспаптар түзөтүү

Ача жыгач, резина, булгаары, бута, чакан таштар.

Оюнга даярдануу түзөтүү

Резиналардын бир жак учтарын ачалардын учтарына, экинчи учтарын буларынын тешилген жерине байлашат. Андан кийин оюнчулар оюндун шарты жөнүндө сүйлөшүп алышат.

Оюндун баяны түзөтүү

Ар ким кезектери келгенде, бир колу менен ачанын түбүнөн, экинчи колу менен булгарыга чакан таш салышып кармагандан кийин, резинаны чоюшуп, тургузулган бутага атышат. Оюн каалаган убакытка чейин ойнолот. Бутага созмо атып, көп жолу тийгизген оюнчу жеңүүчү болот.

Оюндун башка түрү түзөтүү

Чакан ташты, созмо менен алыстыкка жана бийиктикке атуу.

Оюндун эрежеси түзөтүү

Бир бирине жакындоого, тоскоолдук кылууга, бутанын жанында турууга, оюндун шартын, белгиленген аралыкты кыскартууга болбойт.

Педагогикалык мааниси түзөтүү

Күч тарбияланат, мээлөөгө, кыймылдарды так аткарууга үйрөтөт.

Колдонулган адабияттар түзөтүү