Сокур бүркүт
Шарты
түзөтүүОюнчулардын саны 8—20 киши.
Оюн өткөрүлүүчү жер: аянтчада, талаа, спорттук бөлмө, сахна.
Оюнда колдонуучу аспап - жоолук.
Оюнга даярдануу
түзөтүүДиаметри 6—8 метр келген тегерек сызылат, катышуучулар эки топко бөлүнүп, оюндун шарты менен кезеги жөнүндө сүйлөшүп алышат.
Оюндун баяны
түзөтүүШарт боюнча биринчи топтон кезеги менен оюнчулардын көздөрү таңылгандан кийин, алар экинчи топтон чыгышкан оюнчуларды тегеректен чыгышпай белгиленген убакыттын ичинде кармоого аракеттенишет. Андан кийин топтун оюнчулары ролдору менен алмашышып, оюнду кайрадан башташат. Ошентип, оюнчулардын каалоосу боюнча 2—3 жолу кайталанышы мүмкүн. Көп жолу атаандаштарын кармашкан топтун оюнчулары жеңишет.
Оюндун эрежеси
түзөтүүТегеректен чыгууга, бир бирине айтууга, тоскоолдук кылууга, жоолукту себепсиз чечүүгө, чурулдоого болбойт.
- Методикалык көрсөтмө. Оюн өткөрүлүүчү жер тегиз, таза, ыңгайлуу болушу керек.
- Педагогикалык мааниси. Шамдагайлыкка, көңүл коюуга, тартипти сактоого үйрөтөт.