Солтобаев Самалбек (1. 1. 1943, Москва району, Большевик кыштагы -1999, ошол эле жер) - жетекчи кызматкер.

  • Токмок шаарындагы айыл чарбаны механизациялоо жана электрлештирүү техникумун (1962) жана К. И. Скрябин атындагы Кыргызстан айылчарба институтунун агрономия факультетин сырттан окуп бүтүргөн (1980).
  • Эмгек жолун ТогузТоро жана Ак-Талаа райондорунун чарбаларында механик, башкы механик болуп иштөө менен баштаган.
  • Калинин районундагы Суусамыр МЖСинде механик (1967-72), МТМ башчысы, башкы ин-женер, директор, Суусамыр Башкы кой чарба бирикмесинде директор болгон (1972-1985).
  • 1985-жылдан Сокулук районундагы Фрунзе кыштагында курулуш боюнча ПМКда башкы инженер болуп иштеген.
  • Ал иштеген жылдары Суусамырда чарбанын социалдык-экономикалык жана маданий өсүүсүнө таасири чоң болгон.
  • В. И. Лениндин 100 жылдык юбилейлик медалы менен сыйланган.
  • Жолуке уруусунан.


Колдонулган адабияттар түзөтүү

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9