Солтон-Сары алтын кени Нарын районунда, Солтон-Сары жайлоосунун түштүк жагында, Капка-Таш тоосунун түндүк капталында, деңиз деңгээлинен 3300–3650 м бийиктикте. 1940-ж. табылып, 1950–68-ж. издөө-баалоо иштери жүргүзүлгөн. 1995–96-ж. кенде казып алуу иштери жүргүзүлгөн. 1997-ж. кен консервацияланып, казып алуу иши токтотулган. Кен аймагы карбон-пермдин сиенит–порфир, ортофир дайкалары менен жирелген кембрийдин акиташ, сланец жана ордовиктин чөкмө жанартоо катмарларынан түзүлгөн. Руда кеңдикке жакын жана түндүк-батыш багыттагы тектоникалык жаракалардын кесилишинде топтолуп, ордовиктин туфоген катмарларындагы сиенит-порфир дайкасында жайгашкан. Рудалануу тарам жана майда штокверк тибине, алтын-сульфид-кварц формациясына кирет. Негизги руда минералдары: пирит, түссүз руда, халькопирит, сфалерит, галенит, нукура алтын, электрум, арсенопирит. Рудадагы алтындын орточо өлчөмү 6,0 г/т. Руданын запасы 1049 миң т, алтындыкы – 6,291 т.

Колдонулган адабияттар

түзөтүү